Бишкекте коомдук унаадагы жол кире акы көтөрүлөбү? Мэрдин жообу

Бишкекте коомдук унаадагы жол кире акы көтөрүлөбү? Мэрдин жообу

Бүгүн, 1-мартта маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада коомдук унаалардагы жол кире акысы көтөрүлөбү деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, мындан мурда автобус жана троллейбустагы жол кирени накталай эмес төлөгөндөр үчүн 11 сом боюнча калтыруу, ал эми накталай төлөгөндөр үчүн 15 сом кылуу сунушталган. Бирок коомчулук социалдык тармакта башка тарифтер да көтөрүлүп жатканын айтып, нааразычылыгын билдиргендиктен, азырынча аталган маселе чакыртып алынган.

«Азыр тариф маселесин чакыртып, токтоттук. Себеби эл да нааразычылыгын билдирди. Ошон үчүн биз баскыч-баскыч менен көтөрөлү деп жатабыз. Азыр тариф маселеси көтөрүлгөн жок», — деди ал.

Эскерте кетсек, былтыр октябрь айында Бишкекте коомдук унаадагы жол кирени көтөрүү демилгеси көтөрүлүп, тарифтер иштелип чыккан.

Кечки тариф 32 сом. Бишкекте жол кире көтөрүлүшү мүмкүн

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>