Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Ысык-Көлдө МАИчилер кой уурдап бара жаткан жаранды кармады
04.03.2023 | 22:15
Ысык-Көлдө Тоң райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кой уурдап бара жаткан жаранды кармады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-мартта Тоң райондук ЖКККБ кызматкерлерине Көңдөй тилкесинен короодон эки кой уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
“Кызматкерлер болжол менен саат 20:30да Subaru Forester унаасын токтотуп текшергенде, 23 жаштагы О.Р. аттуу айдоочу унаасынын жүк салган бөлүгүнө эки баш кой салып, уурдап бара жаткандыгы аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү катары кармалган айдоочу менен унаадагы жүргүнчү Тоң райондук милициясына жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз