Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?
Мектеп директорлорунун айлыгын 50%га көтөрүү пландалууда
06.03.2023 | 15:19
Мектеп директорлорунун айлыгын 50%га көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү токтом долбоору иштелип чыгып, азырынча документке кол коюла элек. Мектеп директорлорунун айлыгы качан көтөрүлө турганы белгилене элек.
“Былтыр айлык акы 50%га көтөрүлгөн, быйыл дагы 50%га көтөрүү сунушталууда. Ошондо жалпы 100%га көтөрүлгөн болот. Мектеп директорлорунун эмгек акысы көтөрүлө турган болсо, орточо айлык маяналары 17 миң сомдон 26 миң сомго чейин болуп калат. Бул сумма тажрыйбаларына жараша көбүрөөк болушу мүмкүн”, – деди министрликтен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом