Быйыл Кыргызстанда пенсия көтөрүлөбү? Соцфонддун жообу

Быйыл Кыргызстанда пенсия көтөрүлөбү? Соцфонддун жообу

Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов «Фейсбуктагы» түз эфирде «быйыл Кыргызстанда пенсия көтөрүлөбү?» деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, жыл сайын пенсия индексация жолу менен көбөйтүлүп турат.

«Мыйзамда жыл сайын индексация жолу менен пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү көбөйтүлөт деп көрсөтүлгөн. Бирок бюджеттеги каражаттын чегинде болот. Быйыл да жарым жылдыктын жыйынтыгы менен топтолгон каражаттардын, бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша күз айларында көбөйтүү жүргүзүлөт. Ал боюнча кошумча маалымат берилет», — деди ал.

Ал белгилегендей, учурда өлкөдө 745 миңге жакын пенсионер бар.

Эскерте кетсек, былтыр октябрь айында пенсия көтөрүлүп, анын базалык бөлүгү (жетиштүү стаж менен пенсияга чыккандардыкы: эркектер — 25-жыл, аялдар — 20 жыл) 1 миң 780 сомдун ордуна 3 миң 170 сомду түзгөнү, ал эми камсыздандыруу бөлүгү 15%га көтөрүлгөнү кабарланган.

Ал эми, стажы толук болбогондордун пенсиясынын базалык бөлүгү жарым-жартылай көтөрүлгөн. Базалык бөлүк пенсияны үч жашоо минимумунан аз алган пенсионерлерге берилет.

Пенсияны индексациялоо айлык акы жана баалардын өсүшүнө жараша пенсиянын өлчөмүн ага ылайык келтирүү аракетинде жыл сайын жүргүзүлүп турат.

Былтыр аталган фонддун төрагасы Бахтияр Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында канча маяна алары тууралуу айткан. Ошондой эле, ал «пенсияга чыккан адам иштеп жатса, Соцфондго акча төлөш керекпи?» деген суроого жооп берген.

Белгилей кетсек, Социалдык фонд жумушсуз калган жарандарга пенсиясынын топтомо фондундагы каражатынан үч ай акча төлөп берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>