Исанов көчөсүнүн кесилиши жабылды

14.03.2023 | 14:49

Бүгүн, 14-мартта Бишкек шаарынын Исанов көчөсүнүн бөлүгү “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан даярдалган иштерге байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришти.  Маалыматка караганда, участокко тиешелүү жол белгилери орнотулуп, белгилер түшүрүлөт.

Белгилей кетсек, 15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн түштүк тарабында  Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат.

Ушул себептен 15-марттан баштап “Ника плюс” ЖЧКсына таандык №195 кичиавтобусунун кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлөт жана кыймыл Бөкөнбаев көчөсү боюнча батышты көздөй Турусбеков көчөсүнө чейин Токтогул көчөсүнө оң бурулуш менен жана андан ары мурдагы кыймыл чиймеси боюнча жүргүзүлөт.

Бул чаралар көчө-жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды азайтуу, тыгындар проблемаларын чечүү, жол инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жана Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында коомдук транспортту жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү максатында жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top