Адилет Балтабайдын иши: Соттук отурум 28-мартка жылдырылды

Адилет Балтабайдын иши: Соттук отурум 28-мартка жылдырылды

Беш жылга эркинен ажыратылган активист Адилет Балтабайдин иши боюнча Жогорку сотко берилген кассациялык арызды кароо 28-мартка жылдырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге активисттин жубайы Гүлкайыр Жапарова билдирди.

Анын айтымында, адвокаттар алмашкандыктан алар иш менен таанышуу үчүн убакыт сураган. Ага байланышттуу сот өтүнүчтү канааттандырып, отурумду 28-мартка саат 10:15ке белгилеген.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн (ага «Фейсбук» баракчасына чыгарган посту үчүн 2021-жылы кылмыш иши козголгон).

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Быйыл 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Адилет Балтабай камалгандан кийин анын апасы президентка кайрылуу жасап, уулу күнөөсүз соттолгонун, ага карата иш боюнча адилеттүү чечим чыгышына жардам берүүнү суранган.

Шаардык соттун чечимине байланыштуу активисттин жактоочулары Жогорку сотко арыз таштап, анда Адилет Балтабайга чыккан мурдагы чечимдерди жокко чыгарып, толук актап берүү өтүнүчүн келтирген.

10-мартта активисттин апасы Сайкал Жунусова, жубайы Гүлкайыр Жапарова, туугандары, тарапташтары Жогорку соттун жана УКМКнын алдында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган.

Видео: Адилет Балтабайдын апасы уулун актап берүүнү суранды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>