Нооруз күнү жаан жаайбы? 21-мартка чейинки аба ырайы

Нооруз күнү жаан жаайбы? 21-мартка чейинки аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 21-мартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

15-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

16-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 18-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

19-21-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-мартта күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

15-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-мартта күндүз жаан жаашы мүмкүн.

16-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

17-21-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-мартта күндүз 14 метрге жетиши мүмкүн.

Талас облусу

15-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

17-21-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-мартта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Ош облусу

15-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-21-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Жалал-Абад облусу

15-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 16-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

17-21-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусу

15-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 16-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

17-19-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 20-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, кар жаашы ыктымал, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

21-мартта түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

15-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

18-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

19-21-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-мартта , 18-мартта, 19-мартта түнкүсүн айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

15-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

17-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

18-21-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-мартта айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>