11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
Байге фонду 40 миң доллар. Бишкекте бокс боюнча мелдеш өтүүдө
24.03.2023 | 09:15
Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп жаткан мелдеш 21-мартта башталган, 25-март күнү жыйынтыкталат.
Мелдеште 6 өлкөнүн (Беларус, Түштүк Корея, Монголия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан) спортчулары күч сынашууда. Мелдештин байге фонду 40 миң долларды түзөт.
1-орун – 1400 доллар;
2-орун – 700 доллар;
3-орун – 500 доллар;
3-орун – 500 доллар;
Байге фондуна каражатты Эл аралык бокс федерациясынын президенти (IBA) Умар Кремлев бөлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз