Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Базар-Коргондо 14 жаштагы өспүрүм изделүүдө
02.04.2023 | 16:23
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 14 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 112 кызматына Ак-Булак айылынын 2009-жылы туулган М.Ф. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
1-апрелде издөө иштерине алты куткаруучу, беш милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылган. Кеч кирип, издөө иштеринен жыйынтык болбогондугуна байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 2-апрелде издөө иштери улантылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз