Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Ошто унаа менен каналга түшүп кеткендер куткарылды. Видео
02.04.2023 | 21:58
Ошто жеңил унаа менен суу каналына түшүп кеткен эки киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка карганда, айдоочу рулду башкара албай, унаа Өзгүр айылынын Увам каналына түшүп кеткен. Унаанын ичинде эки киши болгон.
Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, эки адамды аман-эсен куткарып калышкан.
Окуянын күбөлөрү куткаруу учурун видеого тартып калган. Видеодон көрүнгөндөй, куткаруу иштерине жарандар да жардам берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз