Муниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндөОшто жеке үйдөгү өрттөн үч бала каза болду, алардын атасы ооруканадаУлуттук банк жасалма QR-коддор менен алдамчылык тууралуу эскертти
Ошто унаа менен каналга түшүп кеткендер куткарылды. Видео
02.04.2023 | 21:58
Ошто жеңил унаа менен суу каналына түшүп кеткен эки киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка карганда, айдоочу рулду башкара албай, унаа Өзгүр айылынын Увам каналына түшүп кеткен. Унаанын ичинде эки киши болгон.
Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, эки адамды аман-эсен куткарып калышкан.
Окуянын күбөлөрү куткаруу учурун видеого тартып калган. Видеодон көрүнгөндөй, куткаруу иштерине жарандар да жардам берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз