Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +11…+16
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +11…+16
Баткен облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +14…+19
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +5…+10
күндүз +14…+19
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +11…+16
Нарын облусу
түнкүсүн -4…+1
күндүз +10…+15
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 5…7, күндүзгү жогорку температурасы 13…15. болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз