6-апрелге карата аба ырайы

6-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +3…+8

күндүз +11…+16

Талас облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +11…+16

Баткен облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +14…+19

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +5…+10

күндүз +14…+19

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -2…+3

күндүз +11…+16

Нарын облусу

түнкүсүн -4…+1

күндүз +10…+15

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип,  абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 5…7, күндүзгү жогорку температурасы 13…15. болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>