Көрүнүктүү опера ырчысы Сталбек Алмасбеков дүйнө салды

Көрүнүктүү опера ырчысы Сталбек Алмасбеков дүйнө салды

Бүгүн, 5-апрелде көрүнүктүү опера ырчысы Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен  билдиришти. 

Сталбек Алмасбековдун ысымы биздин республикадагы опера искусствосунун көп сандаган күйөрмандарына жакшы белгилүү. Ал жылдыздуулугу, өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган. Чаек орто мектебин аяктагандан кийин жана Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Андан соң Мураталы Куренкеев атындагы музыкалык -хореографиялык окуу жайда окуган. Ал эми 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алмата мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган.

Аталган окууну аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист-алдыңкы сахна чебери болуп иштеп келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>