Президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгы менен Тургунбеков Канатбек Тургунбекович –Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменден билдиришти.
1970-жылдын 25-майында Нарын облусунун Тянь-Шань районунун Чет-Нура айылында туулган.
Билими:
— Кыргыз Айыл чарба университети, адистиги «Зооинженер»
-Кыргыз Мамлекеттик улуттук университети, адистиги «юрист-укук таануучу».
Эмгек ишмердүүлүгү:
- 1992-1993-Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин ЕККУнун ыкчам кызматкери;
- 1993-1994-КР ИИМдин Ички иштер башкармалыгынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, улук ыкчам кызматкери;
- 1994-1996-КР ИИМдин ЖККББнын Коррупцияга жана паракорчулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери, улук оперкызматкери;
- 1996-2000-КР ИИМ УБКНЫН Бандитизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери, улук оперкызматкери;
- 2000-2001-КР ИИМ ЖКББнын Уюшкан кылмыштуу коомдоштуктарга, трансулуттук кылмыштуулукка жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;
- 2001-2002-Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБ кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;
- 2002-2003-Бишкек боюнча Финансылык полиция башкармалыгынын башчысынын орун басары;
- 2003-2004-Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Финансы полициясынын башкармалыгынын башчысы;
- 2004-2006-Финансы министрлигинин Ыктыярдуу башкаруу жана ички аудит кызматынын башчысы;
- 2006-2007 — Финансылык чалгындоо кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу, ошондой эле IТ-камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген;
- 2007-2008 — «Альфа Секьюрити» коргоо агенттигинин башкы директорунун кеңешчиси;
- 2008-2009-Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин башкармалыгынын башчысы;
- 2009-2010-КР МКК алдындагы Коррупциянын алдын алуу агенттигинин башчысынын орун басары;
- 2011 — «Альфа Телеком» ЖАКтын коопсуздук маселелери боюнча директору;
- 2012 — «Альфа Телеком» ЖАКтын кадрлар боюнча дирекциясынын башчысы;
- 2013-Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын орун басары;
- 2020-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук маселелер боюнча башкармалыгынын начальниги;
- 2020- 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоодо “Кыргызстан» партиясынын штаб башчысы-;
- 2021-2023-Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;
- 2023 (февраль-апрель) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы;
- 2023 -жылдын 10-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.
Сыйлыктары:
* КР Президентинин 1999-жылдагы Жарлыгы менен «Укук тартибин чыңдоодогу жана кылмыштуулукка каршы күрөштөгү өзгөчө эмгеги үчүн» Ардак грамотасы;
Биздин Телеграм каналга катталыңыз