Кыздарыбыз да мыкты! Жапаров балбан кыздарды куттуктады

Кыздарыбыз да мыкты! Жапаров балбан кыздарды куттуктады

Кыздарыбыз да мыкты, күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөттү. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Азия чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча жеңишке жеткен Кыргызстан курама командасынын куттуктоосун фейсбуктагы баракчасына билдирди.

Кыздарыбыз да мыкты, күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөттү. 

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында өзүнүн эң мыктылыгын бешинчи ирет жеңүүчү болуп далилдеди.

Күмүш алган Айпери Медет кызын, коло медаль алган Калмира Билимбекованы чоң спорттогу бул ийгиликтери менен куттуктайм!

Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, максат коё билүүнү үйрөнөт.

Албетте, Мээрим Жуманазарова баш болгон башка балбан кыздарыбыз багынта турган жеңиштер алдыда. Андыктан алар машыгууларына жаңы дем күч менен кайтып келет деп ишенебиз.

Учурдан пайдаланып спортчуларыбыздын машыктыруучулар курамына да ыраазычылык билдирем.

Ошону менен катар эртең килемге чыга турган эркин күрөш боюнча балбандарыбызга ийгилик каалайм” деп айтылат куттуктоо текстинде.

Казакстандын борбор калаасы Астанада Азия чемпионаты болуп жатат. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнөн курамынан Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы күмүш, Калмира Билимбекова коло медал алышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>