Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Екатеринбургда изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды
24.04.2023 | 09:14
Екатеринбург шаарында изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм бала табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, азыркы учурда өспүрүм ата-энеси менен үйүндө.
“Баланын жакындары, Кыргызстандын Башкы консулдугу милиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана жашы жете элек кыргызстандыкты издөөгө катышкан баардык жарандарга ыраазычылык билдирет”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ТИМ 23-апрелде Екатеринбуг шаарында 21-апрелде мектепке чыгып кетип, кайра үйүнө кайтып келбеген кыргызстандык өспүрүм изделип жатканын билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом