Екатеринбургда кыргызстандык өспүрүм дайынсыз болууда

Екатеринбургда кыргызстандык өспүрүм дайынсыз болууда

Екатеринбург шаарында кыргызстандык А.А., аттуу жашы жете элек бала изделүүдө. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-апрель күнү таңкы саат 7де ал мектепке кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. 22-апрелде окуучунун ата-энеси дайынсыз жоголгон бала боюнча Россиянын Екатеринбург шаары боюнча №11 милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Башкы консулдуктун кызматкерлери ыкчам түрдө РИИБге барып, дайынсыз жоголгон окуучунун ата-энеси менен жолугушкан. Учурда милиция баланы издеп жатат.

Ошондой эле, Башкы консулдук Екатеринбургдагы мекендештер тарабынан түзүлгөн социалдык тармактардагы 100дөн ашык топко окуя тууралуу маалымат берген.

Баланы издөөгө мекендештерден тышкары жергиликтүү «Прорыв» жана «Лиза Алерт» издөө топтору да катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>