Бишкекте «Евразия» паркынын жаш коноктордун тилегин орундатуу боюнча социалдык акциясы аяктадыСууну жоготпоо үчүн ЧЧК бетондолотМоюнга сайган: Бишкекте сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө шектелип жигит кармалдыЗергерчилик бизнеси чөйрөсүндөгү ишкерлер салыктык жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүнАйпери Токторбаева: Өзүмө өзүм тирекмин. Өзүңдү өзүң тандашың керекБишкек шаарынын башкы планын бекитүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду
Кыргызстандын футбол командасына жаңы машыктыруучу келди
24.04.2023 | 16:09
Стефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.
50 жаштагы словакиялык Стефан Тарковичтин талапкерлиги 24-апрелде КФСнын аткаруу комитетинде жактырылды.
Маалым болгондой, 30 талапкер каралып, анын ичинен улуттук курама команданын башкы машыктыруучу кызматына эң ылайыктуу 5 талапкер тандалып алынган.
Стефан Таркович УЕФАнын машыктыруучу лицензиясына ээ. 2022-жылга чейин ал Словакиянын курама командасын жетектеп, ЕВРО-2020 нын финалдык баскычына алып барган.
Буга чейин курама команданын машыктыруучусу болуп Александр Крестинин иштеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт