Футбол: Крестинин башкы машыктыруучу кызматтан кетти

Футбол: Крестинин башкы машыктыруучу кызматтан кетти

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстандын футбол бирикмеси менен Александр Крестинин өз ара чечимге келип, Крестинин башкы машыктыруучулук кызматтан кеткен.

Кыргызстандын футбол бирикмеси Крестининге кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын жетишкендиктери менен бөлүштү:

• 2010-жыл – «Нефтчи» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, клубдун тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон.
• 2011 — «Нефтчи» ФК Суперкубоктун ээси
• 2014 — Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган
• 2017-жыл – «Дордой» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган, андан кийин клуб Кыргыз Республикасынын төрт жолку чемпиону болгон (2018-жылдан 2021-жылга чейин)
• 2017, 2018 — «Дордой» ФК Кыргыз Республикасынын Кубогунун жеңүүчүсү
• 2018 — FIFA рейтингинде Кыргызстан 146-орундан 75-орунга көтөрүлгөн
• 2019 — Улуттук курама биринчи жолу Азия Кубогуна чыгып, 1/8 финалга чыкты
• 2019 – «Данакер» мамлекеттик сыйлыгы
• 2019, 2021 — «Дордой» ФК Кыргыз Республикасынын Суперкубогунун жеңүүчүсү
• 2022 — Азия кубогу-2023, экинчи жолдомо

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол курамасы Александр Крестининдин жетекчилиги алдында бир катар ийгиликтерге жетти. Ак шумкарлар алгач ирет 2019-жылы өткөн Азия биринчилигинде ойноого мүмкүнчүлүк алган. Анда кыргызстандык футболчулар 1/8 финалга чейин жеткен. Ал эми, былтыр экинчи ирет Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыга алды.

Ошол эле учурда, акыркы беттештеринде Кыргызстандын курамасы начар оюн көрсөтүп, күйөрмандардын сынына кабылган. Көпчүлүк Александар Крестинин башкы машыктыруучулук кызматтан кетиши керектигин айтышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>