Бишкек мэриясы асма жол курууну пландап жатат — видео

Бишкек мэриясы асма жол курууну пландап жатат — видео

Бишкек мэриясы эми коомдук транспорт үчүн асма жол курууну пландап жатат. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Алишер Эрбаев Бишкектин мурунку мэри монорельс куруу керектигин айтса, кийинки жетекчи метро курабыз деп чыкканын белгилеп, бул багытта кандай иштер жасалып жатканын сурады.

«Метро куруу биздин стратегиялык пландарыбызда каралган. Бирок бул кымбат жана инфраструктуралык жактан татаал курулуш. Эми, альтернатива катары, биз асма жол менен жүрүүчү коомдук транспорттун техникасынын түрүн карап жатабыз. Бизге швейцариялык компания келди. Шаардын дарыяларынан өтө турган асма жол курууну пландап жатабыз», — деди Жыргалбек Шамыралиев.

Ошондой эле ал мэрия жыл аягына чейин 800 автобус сатып алууну көздөп жатканын айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>