Өкмөт Лебединов ГЭСин оңдоо үчүн 13,8 млн евро насыя алат

Өкмөт Лебединов ГЭСин оңдоо үчүн 13,8 млн евро насыя алат

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Лебединов ГЭСи 1948-жылы пайдаланууга берилген. Ал белгиленген кубаттуулугу 7,6 МВт-ны түзөт. ГЭС эки гидроагрегаттан турарын, алар өзүнүн эксплуатациялоо мөөнөтүн иштеп бүтүп, объектти модернизациялоо боюнча чоң муктаждык бар экенин маалымдады.

“Долбоордун жалпы наркы 13,8 млн евро, анын ичинде 8,8 млн евро кредит түрүндө (кредиттин мөөнөтү – 15 жыл, жеңилдетилген мезгил – 4 жыл, пайыздык ставка – 1%+6-айлык ставка Euribor) жана инвестициялык грант түрүндө 5 млн еврого чейин берилет”, — деди Т.Ибраев.

Талкуу маалында депутат Чингиз Айдарбеков Еврибор+1 пайыздык ставка боюнча үстөк пайызы канча экенин тактады. Ал келишимде кредит боюнча конкреттүү ставканы, мисалы, 3%ды белгилөө максатка ылайыктуу деген оюн билдирди. Ал эми эл өкүлү Жылдыз Таалайбек кызы Еврибор боюнча пайыздык чендин динамикасын белгилеп, пайыздык ченди төмөндөө болгон учурда бекитүүнү сунуштады.

«Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелине карата Еврибордун ставкасы 3,6%ды түздү, биз динамикасын карап, төмөндөө болгон учурда ченди бекитишибиз керек», — деди депутат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>