Бишкекте бомба тууралуу маалыматтан улам бир нече мектептин окуучулары эвакуацияланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.
Малыматка караганда, бомба тууралуу маалыматка байланыштуу №63, 50, 4, 90, 33, 51, 17, 62, «Оксфорд», «Рефал» мектептеринин мугалим жана окуучулары эвакуацияланып, мектептин айланасы курчоого алынган.
Учурда жеринде тиешелүү органдар иш алып барууда.
«Бомба» тууралуу жалган маалымат тараткандар 5 жылга кесилет, — ИИМ