Өкмөт аспиранттардын стипендиясын 30 пайызга жогорулатат

Өкмөт аспиранттардын стипендиясын 30 пайызга жогорулатат

Аспиранттардын стипендиясы 30 пайызга жогорулатылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгында өткөн Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында маалым болду.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизилди.

Ага ылайык, аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окутуу аркылуу жаш муундун илимий ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын, илим изилдөө институттарынын аспиранттарына стипендия белгиленип, окуунун экинчи жана үчүнчү жылдарында алардын стипендиясы 30 пайызга жогорулатылат.

Ошондой эле, Министрлер кабинетинин чечими менен “Учкун” ачык акционердик коому мамлекеттик каражаттардын эсебинен Кыргызстандын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоочу болуп аныкталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>