Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Ошто Курманжан Датканын эстелиги тургузулду
26.04.2023 | 09:56
Кечээ, 25-апрелде Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылында Курманжан Датканын эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарага Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назилбеков, депутаттары, вице-мэр Нурбек Кадыров жана жергиликтүү тургундар катышкан.
Эстелик шаардык кеңештин депутаты Бексултан Үсөновдун жана жергиликтүү элдин демилгеси менен тургузулган.
“Иш-чаранын жүрүшүндө айыл тургундары улуу жол башчы жана башкаруучу Курманжан Датканын эстелигин орнотууга салым кошкондорго ыраазычылыктарын билдиришти. Курманжан Маматбай кызы (Курманжан Датка) Ош шаарына караштуу Жапалак аймактык кеңешинин Орке (Орок) айылында көчмөндөрдүн үй-бүлөсүндө туулган”, – деп билдирет мэрия.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом