«Бомба» тууралуу жалган маалымат тараткандар 5 жылга кесилет, — ИИМ

«Бомба» тууралуу жалган маалымат тараткандар 5 жылга кесилет, — ИИМ

Билип туруп даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө жалган кабарлоо — беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымка караганда, мындай билдирүүлөр коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын нормалдуу ишин бузуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка буруп, конкреттүү жарандардын кызыкчылыгына зыян келтирет.

“Мындай кылмыштар ар кандай жазалышы мүмкүн: оозеки, жазуу, уюлдук телефон менен чалуу, интернет мейкиндигинде билдирүү. Көп учурда маалымат жашыруун берилет, бирок, кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат бердиби же жок — бул маанилүү эмес.

Сиздин аракеттериңиздин себеби ар кандай болушу мүмкүн: бейбаштык, укук коргоо органдарынын ишинин «сапатын» текшерүү же болбосо, ишканалар менен мекемелердин демейдеги иш тартибин бузуу. Жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинде (Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) каралган кылмыш билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-апрелде Бишкектеги 9 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

Шаардык милициядан билдиришкендей, болжол менен саат 07:29да «102» кызматына №33 мектептин электрондук почтасына бомба тууралуу кат келгени жөнүндө маалымат түшкөн.

Буга байланыштуу жерине тергөө-ыкчам тобу барып, мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар менен мектептин кызматкерлери эвакуацияланган. Андан тышкары, бомба тууралуу маалыматтар № 64, 52, 67, 62 32, Бишкектеги эл аралык мектеп, «Оксфорд» жана «Сейтек» менчик мектебинин электрондук почтасына келип түшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>