Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Бишкекте уурдалган телефон ээсине кайтарылды
27.04.2023 | 15:00
Бишкекте телефон уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-апрелде милицияга Г.К. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 11:45те Ош базарында белгисиз адам баасы 11 миң сомдук Samsung A 30 телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Милиция кылмышка шектүү катары 23 жаштагы О.С. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
“Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү уурдалган телефонду милиция кызматкерлерине өткөрүп берип, ал далил зат катары таанылып, жабырлануучуга кайтарылды”, – деп билдиришти милициядан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз