ЖК комитети Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу сунушун колдоду

ЖК комитети Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу сунушун колдоду

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын чечимин канааттандырды.

Маалым болгондой, жыйынга 6 депутат катышып, бардыгы макул деп добуш беришти. Комитетте бардыгы болуп 11 депутат бар.

Буга чейин Жогорку Кеңеш 19-апрелдеги жыйынында Акыйкатчынын жылдык отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Мындан улам “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Акыйкатчы тарабынан айрым мыйзамдардын ченемдери аткарылбагандыгын жүйө келтирип, Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизген. Натыйжада аталган демилге тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Абдрахматова бул кызматта 2022-жылдын февралынан бери иштеп келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>