Бишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБШК: Ош, Манас шаарларында жана Өзгөн районунда айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлдүКыргызстанда токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарга жеттиКыргызстан соттук-экспертиза тармагындагы реформаларын 40 өлкөдөн келген 1150 катышуучуга тааныштырдыТоң районунда мамлекетке 49 млн сомдук 29,9 гектар жер кайтарылдыКыргызстанда автоунаалардын ызы-чуусун өлчөө жана нормадан ашкандарга айып пул салуу демилгеленүүдө — мыйзам долбоору
Бишкекте уурдалган телефон ээсине кайтарылды
27.04.2023 | 15:00
Бишкекте телефон уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-апрелде милицияга Г.К. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 11:45те Ош базарында белгисиз адам баасы 11 миң сомдук Samsung A 30 телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Милиция кылмышка шектүү катары 23 жаштагы О.С. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
“Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү уурдалган телефонду милиция кызматкерлерине өткөрүп берип, ал далил зат катары таанылып, жабырлануучуга кайтарылды”, – деп билдиришти милициядан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз