Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Арсланбек Малиев Кыргызстанда букмекердик кеңселердин иштешине уруксат берип, алардан түшкөн кирешенин 2 пайызын спорт тармагын каржылоого жумшоону сунуштап жатышат. Эл өкүлдөрү тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.
Мыйзам долбоор букмекердик ишмердүүлүктөн түшкөн каражаттардын эсебинен спорт тармагын каржылоо, букмекерлик ишмердүүлүккө лицензия берүүнүн эреже жана тартибин иштеп чыгуу, жарандардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын спорттук мелдешке коюм койгон катышуучулардын оюн көз карандылыгынан соттук жана соттук эмес тартипте коргоо максатында иштелип чыккан.
Маалымкат негиздемеде айтылгандай, башка өлкөлөрдө букмекердик ишмердүүлүк өтө кирешелүү тармак болуп эсептелинет. Эреже катары, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр ага тыюу салбастан, тескерисинче, аны жөнгө салат. Мисалы, Казакстанда букмекердик ишмердүүлүк туруктуу өнүгүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда оюн бизнесиндеги кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү бир жыл ичинде дээрлик эки эсеге өсүп, 500 миллиард теңгеден ашты. Рыноктун негизги катышуучуларынын салыктык чегерүүлөрү 3 эсеге көбөйгөн
“Кыргызстанда 2015-жылдан бери букмекердик ишмердүүлүккө тыюу салынган. Бирок баары бир көмүскөдө иштеп жатканы белгилүү. Эксперттердин айтымында, оюн-зоок иштерине тыюу салуу мамлекеттик бюджеттен жылына 600 миллион сомду жоготууга, 11 миңден ашык жумуш ордун жабууга алып келген. Мындан тышкары, мыйзам менен жөнгө салынбаган онлайн букмекердик ишмердүүлүктүн натыйжасында өлкө экономикасы 100 миллион доллардан ашык каражаттан кол жууган», — деп жазылган долбоордун маалымкат негиздемесинде.
Авторлор белгилегендей, 2022-жылы кумар оюндарына уруксат берилип, бирок Кыргызстандын жарандарына катышууга тыюу салынган мыйзамы букмекердик ишмердүүлүктү көмүскөдөн толук чыгара албайт, жарандардын укуктарын коргобойт жана спортту өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Андыктан букмекердик ишти өзүнчө бөлүп кароо керек.
“Мыйзам казинолордун, компьютердик симуляторлордун (оюн автоматтары) жана башкалардын иши менен катар букмекердик ишмердүүлүктү да жөнгө салат. Мындан улам жогоруда аталган оюндардын түрлөрүн топтоштуруу жана аларды бир мыйзамдык акт менен жөнгө салуу, башкача айтканда аларды бир гана кумар оюндары катары баалоо болуп калган. Колдонула турган принципти төмөнкү себептерден улам жаңылыш жана букмекердик ишмердүүлүктүн маңызына туура келбейт деп эсептейбиз”, — дешет демилгечилер.
Кыргызстанда букмекердик кеңселердин ишмердүүлүгүн кайра баштоо демилгеси боюнча дене тарбия жана спорттун отличниги, спорт журналисти Ксения Толканева өзүнүн пикирин билдирди.
Анын айтымында, букмекердик кеңселер кайра иштеп башташы керек. Анткени алар спорт федерацияларына чоң жардам көрсөтүп келишкен.
“Мен 2015-жылдан бери спорт чөйрөсүндө жүрөм. Букмекердик кеңселердин ишине көз салып турчумун. Менин оюмча алардын ишмердүүлүгүн жандандыруу керек. Бул кыргыз спортунун өнүгүшүнө жардам берет. Ошондой эле мамлекеттин казынасына жакшы салым болмок. Айрым адамдар букмекер эмне экенин жакшы түшүнө беришпейт. Алардын ою боюнча бул жакка кумарпоздор гана келишет. Бирок, андай эмес. Букмекердик кеңселерге спорт сүйүүчүлөрү гана барышат. Букмекерлер бир гана спорт чөйрөсүнө салым кошпостон аз камсыз үй-бүлөлөргө дагы жардам берип келишкен”, — дейт Толканева.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз