Кара-Сууда КамАЗ велосипедчен окуучуну өлтүрө сүзүп кетти (видео)

Кара-Сууда КамАЗ велосипедчен окуучуну өлтүрө сүзүп кетти (видео)

Ош облусунун Кара-Суу районунда КамАЗдын айдоочусу велосипед тээп бараткан окуучуну сүзүп кетип, өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, жол кырсык 1-майда түшкү маал Каарман айылында унаа жолдун 40-чакырымда болгон.

«КамАЗ унаасы жолдон велосипедчен бала жолго чыга калганда, токтой албай, окуучуну сүзүп, ал окуя жеринде каза болгон», — деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Маркум бала — 2013-жылы туулган И.И. Бектемиров атындагы орто мектептин 3-классынын окуучусу болгон. Айдоочу 31 жаштагы К.Т. аттуу жаран.

Окуядан кийин унаа айып аянтчасына токтотулуп, материалдар милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Облустук милициядан билдиришкендей, учурда аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Бүгүн, 3-майда анын баш коргоо чарасы каралат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>