Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Москва районунда акимиатта иштеген аялды сабап кетишиптир, – депутат
04.05.2023 | 10:51
Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүндө жер маселеси боюнча мыйзам бузуулар болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева билдирди.
Анын айтымында, 4-5 монополист киши миң гектарлап жер алып, бирок салыктарды толук төлөбөй келишет.
“Жер маселеси боюнча мыйзам бузуулар тууралуу маселе көтөргөн акимиатта иштеген аял кишини уруп коюшуптур. Анын денесинин баары көкала. Буга чара көрүлүшү керек. Эмне үчүн аялды урушат? Ушул мыйзам бузуулар боюнча протоколдук тапшырма берип койсоңуз”, – деди депутат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом