Майып баласы бар үй-бүлөгө мамлекет кандай жардам берет?

Майып баласы бар үй-бүлөгө мамлекет кандай жардам берет?

Кыргызстанда 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар ай сайын социалдык жөлөкпул алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.

Белгилей кетсек, президенттин жарлыгы менен өткөн жылдан бери жөлөк пулдун өлчөмү эки эсеге көбөйтүлүп, айына 8 миң сомду түздү.

“Эгерде майыптыгы бар бала сырттан кароого муктаж болсо, анда ата-энесинин бири, мыйзамдуу өкүлү же жакын туугандары (чоң энеси, чоң атасы, бир тууган ага-инилери жана эже-сиңдилери) жеке жардамчы кызматын алуу үчүн жашаган дареги боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылууга укуктуу”, — деп айтылат маалыматта.

Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

— саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген психикалык оорунун жоктугу жөнүндө медициналык корутундунун көчүрмөсү;

— соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (ата-энесинен башкасы);

— арыз ээсинин жашаган жеринен маалымкат;

— паспорттун көчүрмөсү (ID-карта);

— банк эсеби.

Жеке жардамчынын кызматы үчүн төлөмдүн суммасы 6268 сомду түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>