Ат-Башыда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ат-Башыда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарындын Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, Ат-Башынын Арпа өрөөнүндө 2-майдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган.

«Малчыларда 867 уй, 1 миң 400 баш кою бар. Учурда малчылардын тамак-аштары жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылган. ӨКМден ыкчам топ тартылып, акимдин орун басары жеринде болуп жаткан абалдан кабар алып, жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте жерине 680 түк чөп жеткиришти. Учурда жол каттамы ачык», — деп билдирет министрлик .

Ошондой эле Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында акимдин буйругу менен 3-майдан тарта райондун аймагында өзгөчө кырдаал режими убактылуу киргизилди.

Эскерте кетсек, буга чейин калың жааган кардан улам 5 үй-бүлө Ак-Талаа районунун Орто-Сырт жайлоосунда мал жандыгы менен калып калганы кабарланган.

Нарын: Калың жааган кардан улам 2,5 миң баш мал тоютсуз калды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>