7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Бишкектеги мейманканада уурулук кылган адамдын видеосу
11.05.2023 | 10:22
Бишкектеги мейманканалардын биринен телефон уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-мартта милицияга Ш.Ч. атту жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен 20:30да Патрис Лумумба көчөсүндөгү мейманканада белгисиз адамдар баасы 37 миң сомдук Samsung A53 телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы А.Ж. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз