Апрелде Өзбекстандын алтын-валюта резерви 230 млн долларга азайды

Апрелде Өзбекстандын алтын-валюта резерви 230 млн долларга азайды

Апрель айында Өзбекстандын эл аралык алтын-валюта резервдери 230 миллион долларга азайды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматында айтылат.

2023-жылдын 1-майына карата Өзбекстандын расмий резервдик активдери 35,2 миллиард долларды түздү. Бул апрелдин башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 230 миллион долларга аз.

Өлкөнүн чет өлкөлүк валютадагы резервдери да азайып, (-181,4 миллион доллар), 9,93 миллиард долларды түздү. Жыл башынан бери валюталык резерв жалпысынан 1,71 миллиард долларга кемиген.

Апрель айында Өзбекстандын алтын кору 50 миллион долларга азайып, 24,2 миллиард долларды түздү.

«Алтын» резервдердин азайышы алтындын баасы жогорулаган маалга туш келди – апрелде анын бир унциясынын баасы 1999 доллардан 2034 долларга чейин көтөрүлгөн.

Өзбекстандын азыркы резервдери өлкөнүн 2022-жылы 30,67 миллиард долларды түзгөн импортунун көлөмүнөн көп. Эл аралык уюмдардын өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө карата сунуштарына ылайык, резервдер жок дегенде импорттун үч айлык көлөмүн жабышы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>