Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Кыргызстан менен Кытай 63 млн долларга эки сериал тартат
23.05.2023 | 09:00
Кыргызстан менен Кытай 63 млн долларга эки сериал тартуу тууралуу макулдашууга кол койду.
Макулдашууларга президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.
Маданият министрлиги Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd компаниясы менен «Жибек жолунун алыскы шамалы» сериалын тартууну макулдашкан. Анын бюджети 38 млн доллар деп каралган.
Ошондой эле, Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co. компаниясы менен «Бишкек сүйүүсү» сериалын биргелешип тартуу пландалууда. Анын бюджети 25 млн долларды түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз