«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Бишкекте күзөтчү алдамчылыкка шектелип кармалды
25.05.2023 | 10:21
Бишкекте күзөтчү болуп иштеген жаран алдамчылыкка шектелип камалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Н.З. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, кампада күзөтчү болуп иштеген Ж. аттуу жаран ижара алуучулардын ишенимине кирип, ижаранын акысын кампанын ээсине берип коерун айтып 56 миң сом алган. Бирок акчаны алгандан кийин изин жашырып кеткен.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 38 жаштагы Д.Н. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен 1-июнга чейин тергөө абагына камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0502 777 762 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз