Видео: Салык кызматкерине пара берген чет өлкөлүк кармалды

Видео: Салык кызматкерине пара берген чет өлкөлүк кармалды

Салык кызматкерине 150 миң сом пара берип жаткан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, К.А. аттуу чет элдик жаран (аял киши) текшерүү иштерин токтотушу үчүн салык кызматкерине пара сунуштаган. Ал 23-майда кармалган.

«Кармалган К.А. кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине 150 миң сом пара берүүгө аракет кылган», — деп билдирет УКМК.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>