Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Августтан тарта Анкара – Бишкек аба каттамы күн сайын аткарыла баштайт
04.06.2023 | 14:00
3-июнда AnadoluJet авиакомпаниясынын (Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы) Анкара – Бишкек – Анкара багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттамы келип конду.
«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.
«Жумасына 4 каттам ачуу – бул башталышы гана. Август айынан баштап Бишкектен Анкарага каттамдар күн сайын аткарыла баштайт», – деди Бишкектеги Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкы директору О.Шафак Күчүкчолак.
Анкарага каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. 2023-жылдын август айынан тарта каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом