Базар-Коргондо лицей окуучуларына мыйзамсыз аттестат берилген. Башкы прокуратури иш козгодуАдылбек Касымалиев Кытайга иш сапары менен барат«CYBERNOMAD FEST 2026»: Бишкекте улуттук кибермашыгуулар башталдыИюль айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 279,5 млн доллар акча которулганКыргызстан менен Беларусь жарандарын 30 күнгө каттоодон бошототКыргызстандын Каржы министрлиги АКШдагы ири финансылык ишкана StoneX Group менен кызматташат
Августтан тарта Анкара – Бишкек аба каттамы күн сайын аткарыла баштайт
04.06.2023 | 14:00
3-июнда AnadoluJet авиакомпаниясынын (Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы) Анкара – Бишкек – Анкара багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттамы келип конду.
«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.
«Жумасына 4 каттам ачуу – бул башталышы гана. Август айынан баштап Бишкектен Анкарага каттамдар күн сайын аткарыла баштайт», – деди Бишкектеги Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкы директору О.Шафак Күчүкчолак.
Анкарага каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. 2023-жылдын август айынан тарта каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом