Президент Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн жаңы пансионатты ачты

Президент Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн жаңы пансионатты ачты

Президент Садыр Жапаров 4-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионатынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Пансионат Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында жайгашкан. Өткөн жылы Мамлекет башчынын тапшырмасы менен каралбай калган мурдагы «Дельфин+» пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген, ал эми 2022-жылдын декабрынан тарта капиталдык курулуш жана объектти кайра куруу иштери жүргүзүлгөн.

Бул жерде заманбап ыңгайлуу корпустар, коттедждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл, пансионаттын жашыл аймагы курулган, анда балдар ойноочу аянтчалары да бар.

Чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан, анын ичинде алыскы райондордон келип, үй-бүлөлөрү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат.

Эгемендүүлүк жылдарында Ысык-Көлдө биринчи жолу чек арачылар үчүн ведомстволук пансионат ачылгандыгын белгилей кетүү маанилүү.

Келечекте бул жерде эс алуучу чек арачылардын санын көбөйтүү үчүн кошумча корпустарды куруу пландаштырылууда. 

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы чек арачы — күнү-түнү, суукта жана ысыкта мамлекеттик чек араны кайтарган Мекенди коргоочу кесибинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Бул ардактуу кесип ээлерине жогорку кесипкөйлүк, мыкты даярдык, бекем эрк гана талап кылынбастан, мекенчилдик сезим, бийик адамгерчилик, ар-намыска бек туруу, тайманбас жүрөк дагы талап кылынат. Мындай асыл сапаттарды алып жүргөн чек ара аскерлерибиз Ата Мекенге кынтыксыз кызмат кылуунун кепилдиги болушат. Дал ушундай көкжал, тоо жүрөк чек арачыларыбыздын буга чейинки куралдуу кагылышуулардагы, контрабандисттерге бөгөт коюудагы, террорчу-сепаратисттик топторду жок кылуудагы көрсөткөн эрдиктери, каармандыктары калк арасына жайылып, эл оозунан түшпөй келет. Ата Журттун бүтүндүгү, чек арабыздын бекемдиги, эл-журтубуздун бейпилдиги үчүн жан аябай кылган кызматыңар Айкөл Манас атабыздын урпактары экениңерди далилдеп турат”, — деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров жаш чек арачылардын артында туруп, мол тажрыйбалары менен бөлүшүп, акыл-насаатын айтып келе жаткан ардагерлерге да өзгөчө ыраазылык билдирди. Мамлекеттик чек араны бекем кайтаруу – өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоодогу эң негизги приоритеттүү багыт.

Ал Кыргызстаныбыздын эгемендигин, бүтүндүгүн, сырткы жана ички коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жан аябай кызмат өтөп жаткандар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү иштери мындан ары да улантыларын баса белгилеп өттү.

Президент Садыр Жапаров пансионатта түзүлгөн жашоо шарттары менен таанышып, корпустарды жана эс алуу зоналарын карап чыкты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>