Бишкек – Кара-Балта жолун оңдоп-түзөөдө 104 млн сом кымырылган

05.06.2023 | 13:22

Бишкек – Кара-Балта жолун оңдоп-түзөөдө 104 млн. 81,6 миң сом кымырылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан “Бишкек – Кара-Балта жолун оңдоп-түзөө (15,9-61-чакырымдары)” долбоорунун алкагында аткарылган иштер боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Аталган долбоорго 17 млн 763 миң 85 долларга каралган.

“Жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл мамылардын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн жетишсиздиги, ошондой эле, жолго жыштыгы төмөн болгон асфальт төшөлгөндүгү аныкталган. Натыйжада мамлекетке 104 млн. 81 миң 600 сомдук материалдык зыян келтирилген”, – деп айтылат маалыматта.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top