Баланы мектепке канча жаштан даярдоо керек? Профессордун пикири

Баланы мектепке канча жаштан даярдоо керек? Профессордун пикири

Беш жарым жашка чейин бала бакчага барып, андан кийин мектепке чейинки даярдоо тайпасына барган балдардын деңгээли бийик болот. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу  5-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 5 жаштан өткөн балдар бала бакчага же мектепке чейинки даярдоо тайпасына бара алышат.

Бирок Улуттук илимдер академиясынын Бийик тоо физиологиясы жана медицина институтунун директору Гүлнар Жунусова балдар 5 жаштан тарта окуп кете алат деген жалган сөз экенин билдирди.

«Менин нейрофизиология тармагында 35 жылдык тажрыйбам бар, бул жыл аралыгында адамдын мээсин кантип туура өнүктүрүүнүн үстүндө иштедим. Баланын мээси ар кандай куракта өнүгө баштайт: бирөө үчүн 4 жашта, башкалары үчүн 5, 7, 8 жашта. Бала 5 жаштан баштап окуп кете алат деген туура эмес. Бул боюнча аз болсо медицина илимдерине көңүл буруш керек. Мээнин өнүгүүсү баланын канчалык активдүү болгонуна түздөн-түз көз каранды. Азыркы балдар такыр кыймылдабайт, телефондо отурушат. Мээлери кыймылдуу балдарга караганда башкача өнүгөт», — деп адис министрдин орун басарына кайрылды.

Расул Абазбек уулу азыр балдар чындап башкача экенин белгиледи.

«Гаджети жок чоңойгон 15 жаштагыларга караганда 3 жашында уюлдук телефон менен отурган балдардын акселерациясы катуу иштеп жатат», — деп кошумчалады ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү билдиргендей, Кыргызстанда 2015-жылдан баштап 5 жарым жаштан 7 жарым жашка чейинки балдар мектепке чейин даярдоочу тайпаларга барышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>