Бишкекте Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду (сүрөт, видео)

Бишкекте Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду (сүрөт, видео)

Бүгүн, 5-июнда Бишкекте КР Баатыры, коомдук жана саясий ишмер, кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин айкелинин ачылышы болду.

Дооронбек Садырбаевдин айкели Чүй менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде Октябрь кинотеатрынын батыш тарабында жайгашкан.

Эстеликтин ачылыш аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, белгилүү коомдук, мамлекеттик ишмерлер, Дооронбек Садырбаевдин үй-бүлөсү, жакын туугандары жана бир катар өнөр адамдары катышты.

Иш-чарада Дооронбек Садырбаевдин маданият ишмери катары искусство тармагына кошкон салымы, саясатчы катары мамлекеттин жаркын келечеги үчүн кылган иштери, анын адамдык инсандык сапаттары эскерилди.

Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында 1939-жылы 13-февралда туулган. Ал 1969-91-жылдары «Кыргызтелефильм» студиясынын кинорежиссеру болуп иштеген. Учурда аталган студияга Дооронбек Садырбаевдин ысымы берилген.

Дооронбек Садырбаев 70тен ашык даректүү тасма тартып, «Арман», «Махабат дастаны», «Акбаранын көз жашы» өңдүү 16 көркөм тасмага режиссер болгон. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.

Ал Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болгон(1995-2008). Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда 69 жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза болуп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Ага көзү өткөндөн кийин КР Баатыры наамы ыйгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>