Таласта 10 млн сомдук тыюу салынган товарлар ташылып келингени аныкталдыЖуучу каражаттар жана азык-түлүктөр: «Ак-Жол» өткөрмө пунктунда аткезчиликке бөгөт коюлдуАймактардагы облустар жана райондор 20 округга алмаштырылат – Садыр ЖапаровЭми дыйкандар чалуу аркылуу кеңеш ала алышат. Айыл чарба министрлигинин байланыш борбору ишке кирдиКыргызстанда фермерлердин жеңилдетилген насыя алуусу үчүн электрондук кезек ишке киргизилдиЧыңгыз Айдарбеков ЖК депутатынын мандатынан баш тартты — ал кимге өтөт
Талайбек Байгазиев энергетика министринин орун басары болду
21.06.2023 | 11:52
Байгазиев Талайбек Аскарович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Талайбек Байгазиев «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык дайындалды.
Жаңы орун басар буга чейин Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы болгон.
Буга чейин Сабырбек Султанбеков энергетика министринин орун басары кызматынан өз каалоосу менен кеткен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом