Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароого убакыт келди, — Шакиев 

Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароого убакыт келди, — Шакиев 

Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду дисциплинардык жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда төрага Нурланбек Шакиев парламенттин жыйынында билдирди.

Ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Эдил Байсаловдун жүрүм-туруму тууралуу сүйлөшкөнүн айтты. Спикер бул маселени бүгүн президент менен талкуулоого убада берди.

«Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин жыйынында айтканын жана андан кийин берген маектеринде айткандарын көз жаздымда калтырбайбыз. Мен дароо эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, катуу эскертүү беришин талап кылдым. Бул биринчи жолкусу эмес. Эдил Байсалов мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосунда чоң жарака кетирип, ойлонулбаган сөздөрдү сүйлөгөнү үчүн тартип жоопкерчилигине тартылышы керек, бул боюнча президент менен да сүйлөшөм. Керек болсо анын мындан кийинки кызмат орду боюнча маселени караганга да учур келди», — деди төрага Нурланбек Шакиев.

Депутат Эрулан Кокулов спикер Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда Эдил Байсаловдун отставкасы боюнча маселени көтөрүүнү сунуштады. Кесиптештери бул демилгени кол чабуулар менен колдошту.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов комитет жыйынында Эдил Байсаловдун сөзүнө жооп берүүсүн талап кылды. Кеп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын депутаттардын элдин атынан сүйлөөгө укугу жок деген билдирүүсү тууралуу болуп жатат.

«Кызматыңыз бүгүн бар, эртең жок»: Жамгырчиев Байсаловду сындады (видео)

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>