24-февралга карата аба ырайыБишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылды
Таштанды челектин жанына токтогон унааны эми эвакуатор жүктөп кетет
26.06.2023 | 14:18
Бишкекте таштанды челектердин жанына токтотулган унаалар унаа токтотуучу жайга киргизилет. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
«Тазалык» ишканасынын директору Рамиз Алиевдин айтымында, ишкананын кызматкерлерине дайыма таштанды челектердин жанына токтогон унаалар тоскоолдук жаратып, алар көйгөйгө туш болушат.
“Эми бул маселе шаардык жол кайгуул кызматынын колдоосу менен чечилет. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине таштанды челектердин жанында токтоп турган унаалардын даректерин жөнөтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Андан кийин эвакуатор келип, унааны атайын токтотуучу жайга жүктөп кетет”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом