Маммүлктү башкаруу агенттигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Маммүлктү башкаруу агенттигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Медер Машиев министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Аталган ведомстводон билдиришкендей, дайындоо боюнча буйрукка 22-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Медер Машиев 1970-жылы туулган. 1992-жылы Жамбул технологиялык институтун бүтүргөн. Жеке ишкердик менен алектенип, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсында иштеген. 2010-2014-жылдары «Жалал-Абад мунай заводу» ЖЧКсын жетектеген.

Ошондой эле, Акылбек Жапаровдун башка буйругу менен Канат Рыскулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Канат Рыскулов 1985-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүргөн. Статисткага мамлекеттик кызматында 11 жыл иштеген.  2021-жылдын апрель айында Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Буга чейин Элдана Сатарова Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>