Сейфтен 5,2 млн сомдун уурдалышы: Шектүү депутат милицияга өзү келди

Сейфтен 5,2 млн сомдун уурдалышы: Шектүү депутат милицияга өзү келди

Ысык-Көлдө 5 млн сомдун уурдалышы боюнча эл аралык издөөгө алынган Каракол шаардык кеңештин депутаты милицияга өзү ыктыяры менен келди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кылмыш ишиндеги үчүнчү шектүү укук коргоо органдарына өзү келген. Бирок милиция шектүүнүн кайсы жакта жашырынып жүргөнү жөнүндө маалымат берген жок.

«Ал тергөөнүн сыры, айтылбайт», — деп билдиришти милициядан.

Эскертке кетсек, 2022-жылдын 17-ноябрында Тоң райондук милициясына Каракол шаарынын 43 жаштагы К.Э. аттуу тургуну кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 02:00до Каракол  — Бишкек багыты боюнча каттаган автобустан 5,2 млн сом акча уурдалганын билдирген.

Маалым болгондой, уурулук автобус Боом капчыгайындагы кафелердин бирине токтоп турган учурда болгон. Айдоочу менен жүргүнчүлөр кафеге тамактанганы барганда, белгисиз адамдар учурдан пайдаланып, автобустун ичинде жайгашкан жашыруун сейфти ачып, конверттердеги (53 даана) 5 млн 200 миң сомго жакын акчаны уурдап кетишкен. Арыздануучунун айтымында, уурдалган акчаны Каракол шаарынын тургундары Бишкек шаарындагы тааныштарына берип жиберген.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Каракол шаарынын 19 жаштагы тургундары В.И. жана Ю.Р. кармалган. Ошондой эле шектүүлөрдүн үчүнчүсү Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну, шаардык кеңештин депутаты, эл аралык издөөгө алынган К.М. болгон.

Кармалгандардын айтымында, алар мурда автобустарда жүктөгүч болуп иштешкен жана бул автобустагы жашыруун сейфте, кээде, Каракол шаарындагы ишкерлер тарабынан Бишкекке товар алуу үчүн которулган акча ташыларын билишкен. Натыйжада В.И. жана Ю.Р. акча уурдоо планын ишке ашырууну шаардык кеңештин депутаты К.М.га сунуштап, ал макулдугун берген. Шектүүлөр кармалгандан кийин жабырлануучуларга уурдалган акчалары кайтарылган.

Быйыл март айында милиция иш 2022-жылдын аягында Тоң райондук сотуна жөнөтүлгөнүн, бирок үчүнчү шектүү кармала электигин билдирген.

Ысык-Көлдө автобустун сейфинен 5,2 млн сом уурдап кетишти. Шектүүлөрдүн бири депутат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>